Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда


Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” ырастады.

“Мисалы, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча кылып “А1” деген сыяктуу болуп кошулат. Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Ишке аша турган болсо, кыймылдаткычынын кубаты төмөн болгон мото транспортторго техникалык паспорт, номур бериле баштайт. Ошондо айдоочулук күбөлүктү алууга убакыт берилет”, - деди Айтикул уулу.

29-июндан тартып Кыргызстанда "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирген.

Анда "жөө адамдар" деген түшүнүк менен катар "мобилдик унаа каражаттары" деген термин киргизилген. Аталган термин чыгырык, электрскейтборд, гироскутер жана башка ушул сыяктуу каражаттарды камтыйт. Ага ылайык, электр чыгырык (электросамокат) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом, мас болуп айдагандарга 3000 сом айып пул салынат.

Айтикул уулу электр чыгырыктары боюнча талаптарды Жол кыймылынын эрежесине кеңири камтып, аларды айдагандарга коюла турган талаптар, ылдамдык, каражатты токтотуунун жол-жобосу жазылган долбоор даярдалып жатканын билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча 11-22-сентябрдагы рейдде жол эрежесин бузган 2 миң 690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Алардын көбүнүн мотошлеми болгон эмес, туура эмес жерлерден айдашкан, тийиштүү документи жок болгон.

Алардын ичинен 272 мотоцикл айып жайына токтотулган.

Эреже бузду деген мототранспорт ээлери бул маалыматтарга комментарий бере элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG