Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Турак жай кооперативдеринин ишин үч мекеме көзөмөлдөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук банк көзөмөлдөйт. Тиешелүү токтом кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Токтом турак жай кооперативдерин натыйжалуу башкаруу үчүн кабыл алынган.

2023-жылы декабрь айында “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, кооперативдердин ишин Министрлер кабинети тескейт, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныкташы керек. Бул талап аткарылбаса ал каттоодон өтпөйт. Кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн.

Юстиция министрлигинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган.

Башкы прокуратура 2023-жылы 14 турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Кыргызстанда турак жай кооперативдерине каршы бир нече акциялар өткөн. Алар мындай уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда сызга отуруп калганына даттанышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG