Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Борбор Азиядагы аялдар форумунун катышуучулары немис канцлерине кайрылуу жолдоду


Германиянын канцлери Олаф Шольц.
Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Ташкентте өткөн Борбор Азиядагы аялдардын эксперттик форумунун катышуучулары Германиянын канцлери Олаф Шольцтко кайрылуу жолдоду. Анда укук коргоочулар немис канцлерин Борбор Азия лидерлери менен сүйлөшүүдө чөлкөмдөгү жарандык коомдун абалы жана кыз-келиндердин укуктарына көңүл бурууга чакырышат.

"Казакстанда 2022-жылдагы Каңтар окуясында каза болгондордун толук тизмесин жарыялоо, Өзбекстанда Качкындар боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын статусун кайтаруу, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдарды жокко чыгаруу, Тажикстанда саясий туткундарды бошотуу, Түркмөнстанда аялдардын укуктары боюнча абалга көңүл бурууну суранабыз", - деп жазылат кайрылууда.

Борбордук Азиядагы аялдардын эксперттик форумун «Бир Дүйнө – Кыргызстан» уюму уюштуруп, 18-21-сентябрда Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте өткөн. Уюмдун маалыматына караганда, былтыртан бери чөлкөмдүн активисттери, лидер аялдар менен 700гө жакын жолугушуу өткөрүлүп, эл аралык укукту илгерилетүү жана өкмөттөрдү биргелешкен диалогго катышууга чакырган "Декларация +25" документи кабыл алынган.

17-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында немис канцлери жана борбор азиялык лидерлердин катышуусунда «Борбор Азия–Германия» саммити болгон.

Астана саммити укук коргоочулар жалпы Борбор Азия аймагында адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдирип жаткан учурга туш келди.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Шольцтун сапарын улай билдирүү таратып, чөлкөмдө “өз оюн эркин билдирүү эркиндиги, активисттерди абакка салуу, жабык жайлардагы кыйноо, жарандык коомго каршы репрессия, аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү” сыяктуу көйгөйлөр бар экенин эске салган. Немис канцлери катышкан саммитте бул маселе каралып-каралбаганы расмий кабарланган эмес.

"Борбор Азия–Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. (AiA)

XS
SM
MD
LG