Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Иранда көмүр шахтасындагы жарылуудан 50дөн ашык киши каза тапты


Ирандын түндүк-чыгышындагы Тебес шаарындагы көмүр шахтасы жарылуудан кийин. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Ирандын түндүк-чыгышындагы Тебес шаарындагы көмүр шахтасы жарылуудан кийин. 22-сентябрь, 2024-жыл.

21-сентябрда Ирандын чыгышындагы көмүр шахтада болгон жарылуудан 51 адам каза таап, 20 киши жарадар болду. Бул тууралуу «Фарда» радиосу жергиликтүү бийликке шилтеме берип жазды. Маалыматка караганда, жардыруу борбор калаа Тегерандан 540 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан Тебестеги шахтада болгон.

Ирандын мамлекеттик телеканалы кырсыкка шахтада метандын агып кетиши себеп болгонун кабарлады. Журналисттердин маалыматына караганда, көмүр шахтасында 24 жумушчу камалып калды.

Жалпысынан аталган көмүр шахтада 70 жумушчу иштеп жаткан.

Ирандын жаңы шайланып келген президенти Масуд Пезешкиан шахтада калган жумушчуларды куткаруу жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө буйрук бергенин айтты. Окуя боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

Өткөн жылы өлкөнүн түндүгүндөгү Дамган шаарындагы көмүр шахтасында жарылуу болуп, алты адам каза болгон. Жергиликтүү басылмалар анда да жарылууга метан себеп болушу мүмкүн экенин жазышкан.

2021-жылдын май айында шахтадагы жардыруу эки адамдын өмүрүн алган. 2017-жылы Ирандын түндүгүндөгү Азад Шахр шаарында болгон жарылуудан 43 кенчи каза болуп, бийликке каршы нааразылык толкунун жараткан. Кырсыктарга көбүнчө кен казып жаткан аймактарда коопсуздуктун шарттары жана тез жардам кызматтарынын жетишсиздиги себеп болору айтылып келет.

Иран жылына 3,5 миллион тоннага жакын көмүр керектейт. Өлкөдөгү шахталардан жылына 1,8 миллион тоннадай гана көмүр казылат. (AiA)

XS
SM
MD
LG