Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Хезболла" Израилге сокку урду, ЦАХАЛ жооп кайтарганын билдирди


Кирят Биалик аткылоодон кийин, 22-сентябрь, 2024-жыл.
Кирят Биалик аткылоодон кийин, 22-сентябрь, 2024-жыл.

Израилдин коргонуу күчтөрү өткөн түнү Ливандан жүздөн ашык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирди. Израил бул чабуулдар үчүн АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобун айыптады.

"Свобода" радиосу жазгандай, ​Израилдин өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары өлкөнүн түндүк аймактарында Кирят Биалик, Цур Шалом жана Морешетте чыккан өрттү өчүрүүдө. Кирят Биаликте эки үй жабыркап, үч адам жаракат алды.

“Хезболла” анын түнкү чабуулу Израилдин Хайфа аймагындагы аскердик заводду бутага алганын билдирди.

Ливандын борбор шаары Бейрутка Израилдин 20-сентябрдагы чабуулунан кеминде 37 адам каза болгону кабарланды. Ливандан Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондор арасынд үч бала жана жети аял бар.

Транспорт министри Али Хамие өлкө боюнча кеминде 23 адам дайынсыз жоголгонун билдирди.

Жума күнү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобу Израилдин соккусунан топтун 16 мүчөсү каза болгонун билдирген. "Хезболла" каза болгондор арасында командир башчылары Ибрагим Акиль жана Ахмед Вахби болгонун кошумчалаган.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) "Хезболланын" аскердик башкаруу чынжырчасы толугу менен жок кылынганын кабарлаган.

Израил Ливанда "Хезболла" жоочулар тобунун турумдарына жапырт сокку урганын, алардын бир учурда 1000 ракета учура алуучу 100гө жакын техникасын жок кылганын 19-сентябрдын кечинде билдирген.

Бул операция маалында ЦАХАЛ эки жоокерин жоготкон.

Буга чейин Ливандын аймактарында, өзгөчө борбор калаасы Бейрутта пейжер жана байланыш каражаттарынын жарылуусунан кеминде 32 адам каза болуп, 3000ден ашыгы жараат алган.

Былтыр 7-октябрда АКШ менен Израилде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (AiA)

XS
SM
MD
LG