Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Никополдо Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду


Никополь шаары. 13-сентябрдагы сүрөт.
Никополь шаары. 13-сентябрдагы сүрөт.

Орусиянын армиясы 22-сентябрга караган түнү Украинанын Никополь шаарына сокку урду. Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, "жанкечти" дрон автоунаага тийип, андагы аял жана 12 жаштагы кыз каза болду. Төрт жаштагы кыз жана бир киши ооруканага жеткирилип, наристенин абалы оор деп бааланууда.

Никополь – Кахов суу сактагычынын жээгиндеги шаар. Анын маңдайындагы жээкти көзөмөлдөп турган орусиялык аскер күчтөрү шаарды байма-бай аткылап келет.

Ишемби кечинде Харьков аткылоого кабылды. Авиабомба көп кабаттуу турак үйгө тийип, 21 адам жаракат алды. Арасында үч бала бар. Облустук аскердик администрациясынын маалыматында сокку Орусиянын Белгород облусу тараптан СУ-34 учагынан урулган. Харьковдо дагы бир нече үй талкаланды.

Орусия Украинага күндө чабуул жасап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик жайларды бутага алганын айтып келет. Москва Украинада соккулардан каза болгон жай тургандардын өлүмү, жарандык инфраструктурлардын талкаланып жатканы боюнча комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG