Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Украина: Кривой Рогдо үч киши ракета соккусунан набыт болду


Кривой Рог шаары. Архив сүрөт.
Кривой Рог шаары. Архив сүрөт.

Орусиянын аскер күчтөрү 21-сентябрдын түнү Украинанын Днепропетровск облусунун Кривой Рог шаарына сокку уруп, үч киши каза болду.

Облустун аскердик администрация башчысы Сергей Лысак 75-79 жаштагы эки аял жана 12 жаштагы бала набыт болгонун билдирди. Жараат алган үч адам ооруканага жеткирилип, абалы орточо оор деп бааланууда.

Лысактын айтымында, чабуулдан эки үй күйүп, жыйырмадай үй, мектеп талкаланды. Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы түндө Днепрга жасалган чабуул жөнүндө кабарлады. Андан бир адам жабыркап, имараттар талкаланды.

“Азаттыктын” украин кызматы Кривой Рогго жасалган чабуулдун кесепеттеринен кийинки сүрөт, видеолорду жарыялады. Басылма сокку жай тургандар жашаган аймакка урулганын белгиледи.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматында, Орусиянын армиясы Днепропетровск облусуна баллистикалык төрт “Искандер-М”/KN-23 жана беш авиациялык башкарылуучу Х-59/69 ракетасы менен чабуул жасаган. 16 дрон учурулган. Украинанын аскер күчтөрү беш ракетаны жана 11 дронду атып түшүргөн.

XS
SM
MD
LG