Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

20-сентябрь: Жоомарт Карабаев акыйкатчыдан жардам сурады, Украина Telegram боюнча чектөө киргизди


Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев сотто. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 19-август, 2024-жыл. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

20-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Акыйкатчыдан Карабаевдин арызы боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жолдонду

Кыргызстандын акыйкатчысынын өкүлдөрү 19-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүп, Улуттук илимдер академиясынын камакта жаткан мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен жолугушту. Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жазып, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү сураган. Ал тергөөдө зордук-зомбулукка кабылганын айткан. УКМК Карабаевди 2-июлда кармаган. Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып келген кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган. Атайын кызмат Карабаевдин билдирүүлөрү боюнча комментарий берген эмес.

Украина мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине Telegram колдонууга тыюу салды

Украинада мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине, коопсуздук жана коргоо мекемелеринде иштегендерге Telegram мессенжерин кызматтык телефонуна жана башка каражаттарына орнотуп, колдонууга тыюу салынды. Аскердик чалгын мекемесинин башчысы Кирилл Буданов аталган мессенжердин колдонуучуларынын кат алышуусу, жеке маалыматы орусиялык атайын кызматта бар болушу ыктымал экенин айтты. Башкы штабдын жана Коопсуздук кызматынын адистери Орусия бул мессенжерди киберчабуул жасоо, колдонуучулардын геолокациясын билүү жана ракеталык соккуларын тууралоо үчүн колдонорун билдиришти. Аталган байланыш түйүнүн негиздеген Павел Дуров жакында кармалганда орусиялык күч кызматтары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн "База" басылмасы Орусиянын бир катар күч органдарынын, президенттик жана өкмөттүк администрациялардын кызматкерлерине Telegram аркылуу жазышкандарынын баарын өчүрүү талабы коюлганын жазган.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча макулдашууга кол коюлат

Жакын арада үч тараптуу коммерциялык макулдашууга кол коюлары тууралуу Бээжин шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен жолугушканда сөз болгонун кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бирок так датасы айтылган жок. Быйыл июль айында Кыргызстандын Юстиция министрлигинен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” ишканасы деп аталган компания катталган. Ишкананын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому деп көрсөтүлүп турат. Ал эми 6-июнда Бээжинде долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт.

Алсу Курмашева эл аралык сыйлыкка татыды

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашева эл аралык абройлуу Басма сөз эркиндиги сыйлыгынын быйылкы жылдагы төрт лауреатынын катарына киргенин Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жарыялады. "CPJдин эл аралык Басма сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы кабарчылардын чындыкты басмырлоого багытталган катуу аракеттерге карабастан фактыларды жеткирүү үчүн бардык жерде жүргүзгөн маанилүү ишинин символу", - деп айтылды комитеттин аткаруучу директору Жоди Гинсбергдин 19-сентябрдагы билдирүүсүндө. Орусия соту тогуз ай камакта кармаган Алсу Курмашеваны быйыл июль айында 6,5 жылга эркинен ажыраткан. 1-августта АКШ Орусиянын абактарында отурган айрым жарандарын, анын арасында Курмашеваны бошотуп алган.

Орусиянын Жогорку соту Крым татарларынын арызын четке какты

Орусияда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган крымдык төрт татардын өкүмүнө каршы Жогорку сотко жазган апелляциялык арызы четке кагылды. Төртөөнө тең экстремизмге байланыштуу айып тагылган, баары мындай кине коюлушун мыйзамсыз деп аташкан. 2021-жылдын октябрында алар Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып менен 12-17 жылга эркинен ажыратылган. «Мемориал» укук коргоо уюму бул төрт жаранды саясий туткун деп жарыялаган. 2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган.

Бишкекте 2 миңден ашык батир ипотекага берилет

Бишкек шаарында быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 20-сентябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал Кыргызстанда ипотекалык үй куруу үчүн жалпысынан 139 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 395 адам кезекте турганын кошумчалады. Кезек күткөндөрдүн көбү Бишкек шаарында. Мамлекеттик ипотека компаниясы 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG