Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Иран Ливандагы жарылуулардан кийин элчисин жана 95 бейтапты чыгарып кетти


Ирандын элчиси Можтаба Амани 17-сентябрда ооруканага жаткырылды.
Ирандын элчиси Можтаба Амани 17-сентябрда ооруканага жаткырылды.

Иран эки күндөн бери байланыш каражаттары жарылып, ондогон адамдын өмүрү кыйылып жаткан Ливандан өзүнүн элчисин жана андан башка дагы 95 бейтапты чыгарып кетти.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары кабарлагандай, бүгүн 19-сентябрда тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегерандагы ооруканага жаткырылган элчи Можтаба Аманиден барып кабар алды.

Амани 17-сентябрда пейжер жарылып, жеңил жараат алганы кабарланган.

Ливанда 17-сентябрда пейжерлер, 18-сентябрда рация каражаттары жапырт жарылып, жалпысынан 32 киши каза болгону, 3450дөй киши жараат алганы, бутага негизинен «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөлөрү алынганы кабарланган.

Иран колдогон ливандык «Хезболла» тобунун союздашы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу эки күндөн берки тымызын чабуулдар үчүн Израилди айыптап, соңку кырдаал аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

Ливан өкмөтү да, «Хезболла» да Израилди айыпташты.

Израил эч кандай комментарий бере элек, болгону, соңку билдирүүлөрүнүн биринде ХАМАСка каршы согушунун максаттарын кеңейтип, «Хезболланы» да кошуп жатканын гана маалымдаган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы «Хезболлага» каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG