Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань грант берет


Бакыт Төрөбаев жана Луо Чжаохуэй (Кытай), макулдашууга кол коюу учуру.
Бакыт Төрөбаев жана Луо Чжаохуэй (Кытай), макулдашууга кол коюу учуру.

Кытай кайтарымсыз негизде Кыргызстанга 200 млн юань грант бөлөт. Буга байланыштуу макулдашууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэйдын Бээжиндеги жолугушуусунда кол коюлду. Тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгы, эки өлкө ортосундагы долбоорлордун аткарылышы тууралуу сүйлөшкөн.

Гранттык негизде бериле турган каражат, эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашырууга жана андан ары өнүктүрүүгө жумшалат.

Ушул күндөрү Бээжинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны өттү.

Отурумда өзгөчө эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, инвестициялык, тоо-кен, финансы тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине көңүл бурулду.

Кытай тараптын маалыматы боюнча, 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 32% өскөн. Быйыл январь-июль айларында соода жүгүртүү 11 миллиард долларга жеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG