Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Тергөө абагындагы Азимбек Бекназаров президент Жапаровго кайрылды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштуу айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анын абактан жазган катын уулу Руслан Бекназаров 19-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Азимбек Бекназаров катында 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын жазган. Ошондой эле акыркы жылдары ага жана анын жакындарына кысым болуп жатканын кошумчалаган.

“Эки жылда мен үчүн бир тууган агам, уулум, уулумдун өкүл баласына чейин соттолушту. Ондогон куда, тамыр-сөөк, дос, жакындар сурак берди. Үй-бүлөмдө жападан-жалгыз иштеп жаткан эң кенже уулумду “Ташиевдин жеке буйругу” деп, өз арызы менен беш ай мурда жумушунан кетиришти. Мага учурашканы келген бир иним Аксыда ошол түнү камакка алынды. Абактан чыккан үч ай бою УКМКнын, участкалык милиция, инспекторлордун “кайтаруусунда” жүрдүм. Ага карабай үч ай бою “үнүмдү” чыгарбадым. Эгерде Кыргызстандын ынтымагы менен биримдигинин, саясий туруктуулуктун коркунучу менде деп эсептесеңер, анда жасалма иш козготуп тергөөчү, прокурор, сотторду "терге, кама" деп кыйнабай, менин үй-бүлөмдү, жакындарымды, кудаларыма чейин суракка алып кыйнабай эле өзүмдү жеке өлкөдөн чыгартып жибериңиз”, - деп жазылат катта.

Бул кайрылуу боюнча президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы, УКМКнын жетекчилиги комментарий бере элек.

УКМК Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин “Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо” (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, башкы прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG