Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Башкы ассамблея Израилди палестин аймактарынан чыгып кетүүгө чакырды


Добуш берүү 18-сентябрда өттү.
Добуш берүү 18-сентябрда өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында 18-сентябрда оккупациядагы палестин аймактарынан Израилдин аскерлеринин 12 ай ичинде чыгып кетүүсүн жана эгер бул талап аткарылбаса санкция жарыялоону талап кылган резолюция боюнча добуш берүү болду.

Натыйжада 124 мамлекет бул документти колдоду, 14ү каршы добуш берди, 43ү добуш берүүдөн карманды.

Израил резолюцияны «бурмаланган» жана «бетпактык» деп атады.

Милдеттүү түрдө аткаруу талабын коё албай турган бул документ БУУнун Эл аралык сотунун Израилдин 1967-жылдан берки оккупациясын “мыйзамсыз” деп тааныган корутундусуна негизделген.

Резолюция палестин делегациясы быйыл май айында БУУнун органдарындагы укуктары кеңейтилгенден кийин берген алгачкы сунушу болду. Палестин автономиясынын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур кабыл алынган резолюциянын максаты «Израилди мамилесин өзгөртүүгө мажбур кылуу үчүн Башкы ассамблеядагы эл аралык коомчулуктун басымын жана Эл аралык соттун тарыхый чечиминин басымын пайдалануу" экенин айтты.

Израил резолюцияны чечкиндүү түрдө айыптап чыкты. Өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Дани Данон добуш берүүнү «Палестин автономиясынын дипломатиялык терроризмин колдогон абийирсиз чечим» деп атады.

"7-октябрдагы кыргындын бир жылдыгын эскерип, ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) айыптап, алар барымтада кармап тургандарды бошотуу талабын койгондун ордуна Башкы ассамблея ХАМАСтын жан алгычтарын колдогон Палестин автономиясынын «ырын ырдап» жатат", - деди ал.

Резолюцияга каршы добуш берген 14 өлкө арасында АКШ, Аргентина, Венгрия, Чехия бар. Кыргызстан «макул» деген добуш берди.

Израилди 1967-жылдагы согуштан кийин өз көзөмөлүнө алган жерлерде оккупациясын токтотууга чакырган резолюциялар БУУда буга чейин да кабыл алынган. Сөз Иордан дарыясынын батыш жээги, Газа сектору жана чыгыш Иерусалим тууралуу болууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы «Хезболлага» каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG