Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Айзаданын өлүмү: HRW милициянын мурдагы башчысынын акталганын сындады


Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы коюлган бир нече акция өткөн.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери жазасыз калганын билдирди. Уюм бул тууралуу сайтына маалымат жарыялап, Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кине коюлган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Бакыт Матмусаевди Бишкек шаардык соту 13-сентябрда актаганын жазды.

HRW бул өкүм Кыргызстанда зомбулукка каршы күрөшкөн активисттерге жана бардык аялдарга сокку болгонун кабарлады.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ балдар күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кеткен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине “Шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Ага да “Шалаакылык” беренеси менен айып тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны ушул жылдын май айында актаган. 13-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун Бакыт Матмусаевди актоо чечимин күчүндө калтырды.

Жабыркаган тарап өз убагында аракет кылса жана кайдыгерлик болбосо, кыздын өмүрүн сактап калууга болмок деп милицияны айыптап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG