Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Акыйкатчы Зардалыдагы окуучулардын билим алуу укугун камсыздоого чакырды


Зардалы айылы. Баткен. 2019-жыл.
Зардалы айылы. Баткен. 2019-жыл.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткен облусунун Зардалы айылындагы мектеп окуучуларынын билимге болгон укугун камсыздоого жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Омбудсмендин кеңсеси 19-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен жеринен таанышып келген. Айыл тургундары оорукана, медициналык түйүн, электр жарыгы жок жашап жатышканы айтышкан.

"Тургундардын көпчүлүгү орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип, катаал шарттардан улам, айылга кайтып келгилери келбейт. 1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан жети гана бала билим алып, эки мугалим эмгектенүүдө. Айыл тургандары үчүн оорукананы мындай коюп, медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет. Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат", - деп жазылган Акыйкатчы институту тараткан маалыматта.

Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз, ар бир предмет боюнча бирден гана үлгүдөгү китептер бар экени айтылган. Мектеп бир нече убактан бери директору жок иштеп жатканы белгилүү болгон. Жергиликтүү тургундар Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин карап көрүүнү сунушташкан.

Былтыр Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жолдун тар тилкелери тазаланып, кеңейтилгенин билдирген. 2022-жылы "Кыргыз интернет коому" ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында Зардалыга интернет байланышын жеткирген.

Баткендеги алыскы, шарты катаал Зардалы айылына машина менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт. Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалыда кышында отуздай үй-бүлө калат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG