Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу алды


Белужистан. Архивдик сүрөт.
Белужистан. Архивдик сүрөт.

Пакистандын түштүк-батышында полициянын эки кызматкеринин өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган экстремисттик топ алганын бүгүн 16-сентябрда полициянын расмий маалыматына таянып AP агенттиги жазды.

Адам өлүмүнө алып келген жарылуу бир күн мурда кармаш, кол салуу токтобогон Белужистан провинциясынын борбор калаасы Кветтадан анча алыс эмес жерде жайгашкан Кучлак шаарчасында болгон.

“Ислам мамлекети” тобу өзүнүн билдирүүсүндө полициянын машинасын атайылап жардырганын жарыялады.

Полициянын эки офицери каза болгонун, дагы эки кызматкер жараат алганын Пакистандын расмий органдары тастыктады.

Талдоочулар Пакистандын Иран жана Ооганстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан, газ жана мунай кенине бай Белужистанда көптөгөн жылдардан бери коопсуздук күчтөрүнө жана жайкын тургундарга кол салып, түрдүү чабуулдарды уюштуруп келген жикчилер соңку кезде «Ислам мамлекетинин» согушкерлери менен чогуу аракеттене баштаганына көңүл бурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG