Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Украина Киевге жасалган жапырт чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди


Украина.
Украина.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү 16-сентябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына учурган 56 согуштук дрондун 53ү атып түшүрүлгөнүн, негизинен бутага борбор калаа Киев алынганын, ушуну менен шаар сентябрь айы башталгандан бери сегизинчи жолу жапырт чабуулга кабылганын билдирди.

Киев облустук аскердик администрация башчысы Руслан Кравченко дрондун сыныгы түшкөн жерде бир аял жараат алганын, ал ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Шаардык аскердик администрация башчысы Сергей Попко сокку үч саат бою урулганын айтты.

“Азаттык” радиосу согуш жүрүп жаткан аймактар боюнча эки тараптын тең маалыматтарын өз алдынча ырастай албайт.

2022-жылдын февраль айында согуш ачкандан бери Орусия Украинаны учкучсуз учак, ракета, авиабомба жана башка курал-жарактын ар кандай түрү менен аткылоодо. Соңку чабуулдардын көбү энергетика, медицина, билим берүү тармактарынын ишин үзгүлтүккө учуратып, жайкын тургундардын өмүрүн алууда. (RK)

XS
SM
MD
LG