Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Ташиев өзү бийликте турганда "Ата-Журт" партиясы шайлоого катышпай турганын билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна "Ата-Журт" партиясы катышпай турганын Фейсбук баракчасына жазды. Ал аталган партия менен шайлоого катышарын айткандар болуп жатканын белгилеп, өзү бийликте турган учурда "Ата-Журтту" шайлоолорго катыштырбай турганын айткан.

“Ата-Журт” партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын", - деп жазды Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоо тууралуу дагы жазып, партиянын мүчөлөрү уруксат сурап келишкенин белгилеген. "Ал убакта чырм эткенге убакыт жок, иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин... “Мейлиңер”,- деп уруксат берип койгон элем", - деген УКМК башчысы.

Ташиев шайлоочуларды коррупция, криминалдык чөйрөгө тиешеси жок талапкерди тандоону сунуштаган. Ал шайлоочуларды добуш сатпоого чакырып, өлкөдө шайлоолор таза өтүшү керектигин белгилеген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 6-сентябрда жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылып, жаңы шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Жаңыдан аныкталган мандаттар боюнча Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

Ал эми 3-августта президент Жапаров кол койгон “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, саясий партияларга шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG