Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Зеленский курал-жарак маселесин чечүү "өтө маанилүү" экенин айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский, 11-сентбярь, 2024-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский, 11-сентбярь, 2024-жыл

Президент Владимир Зеленский Батышта Украинага курал-жарак берүүнү азайтуу тууралуу талкуулар жүрүп жатканда АКШ баштаган өнөктөштөрүн Орусиянын баскынчылыгына каршы туруу үчүн Киевди курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо тууралуу макулдашууну “тезинен ишке киргизүүгө” чакырды.

14-сентябрда жарыяланган видео кайрылуусунда Зеленский “бардык мамлекеттер, анын ичинде Кошмо Штаттар Украина менен макулдашууларын тез арада жүзөгө ашыруусу өтө маанилүү экенин” айтты.

“Ал майданда сезилиши керек”, - деди Зеленский. “Ар бир аскердик жардам кечигип жатканы майданда терс таасирин тийгизет. Өз маалында, ыкчам жеткирилген жардам пайдалуу”, - деди украин лидери.

Ушул тапта Украинага мурда-кийин болуп көрбөгөндөй аскердик жардам уланууда. НАТОнун ичинде айрым мүчөлөрү Украинага курал-жаракты колдонууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга жана заманбап жабдууларды берүүгө чакырууда.

Киев өзүн коргоо үчүн Орусиянын ичине алыс аралыкка сокку уруу маанилүү экенин белгилеген. НАТОнун ичиндеги айрым өлкөлөр Киевдин мындай сунушун колдогон.

13-сентябрда британ премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Жо Байден менен жолукканда Орусиянын ичиндеги буталарга жетүү үчүн Киевге алыс аралыкка атылчу курал колдонууга уруксат берүүнү талкуулаганы менен кандай өзгөрүү бардыгы жарыяланган жок.

Британия Украинага берген Storm Shadow ракеталарын Орусиянын аймагына сокку урууга колдонууга уруксат берген чечимге жакындап калганы кабарланды.

14-сентябрда Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан президент Байден “алдыдагы төрт айда [президенттик кызматтагы мөөнөтүн] Украинанын жеңишин камсыздоо үчүн болгон мыкты нерселерди жасоого чечкиндүү аракеттенет” деди.

Орусиянын экс-президент Дмитрий Медведев ишембиде украин башкалаасына өзөктүк сокку урулса, 2 миллиондой эл жашаган шаар дүйнөнүн картасында “боз такка” айланарын айтып коркутту. Президент Путин баштаган Орусиянын жетекчилеринин ормон опузасы Батыштын Киевди колдоосуна каршылыгын көрсөткөндөй.

14-сентябрда Зеленский АКШ Конгрессинин делегация мүчөлөрү менен сүйлөшүп, “учурдагы кырдаал жана алдыдагы иштер тууралуу маалымат бергенин” айтты.

14-15-сентябрда Киев билдиргендей, орус армиясынын чабуулунан Одесса облусунун түштүгүндө жубайлар набыт болду.

Украин аскерлери абадан коргонуу күчтөрү Орусия учурган 14 дрондун онун атып түшүргөнүн билдирди. Ошондой эле эки “Искандер” баллистикалык ракетасы, Одессаны бутага алган башкарылчу авиациялык бомба жок кылынганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG