Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Борбордук Европада селдин айынан адам өмүрү кыйылды


Румыниянын Галац аймагындагы куткаруучулар, 14-сентябрь, 2024-жыл
Румыниянын Галац аймагындагы куткаруучулар, 14-сентябрь, 2024-жыл

Борбордук Европа өлкөлөрүнүн тургундары нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селден коргонуунун аракетин улантууда. 15-сентябрда Румынияда кеминде төрт киши, Польшада бир киши набыт болгонун, Чехияда болсо төрт тургун дайынсыз болуп жатканы кабарланды.

Австриянын айрым аймактарында, Чех республикасынын жана Польшанын аймактарында куткаруучулар ишке тартылды. Польшанын Miedzygorze дамбасы “эң жогорку чегине” жеткендиктен жергиликтүү тургундар эвакуацияланды.

Румыния суу каптоодон катуу жабыр тартып, 20дай муниципалитет олуттуу жабыр тартты. 5 миңдей үй-жайды суу каптап, жүздөгөн тургун убактылуу башка жакка чыгарылды.

Өлкөнүн өкмөт башчысы Марчел Чолаку түндүктөгү сел каптаган аймактардын бирине барганда “адам өмүрү эң башкы артыкчылык” экенин айтып, тургундарды коопсуз жактарга алып чыгууну жарыялады. Соңку 24 саатта селдин айынан төрт киши набыт болгону кабарланды.

Румыниянын Улуттук гидрология жана суу ресурстарын башкаруу институту Галац жана Васлуй аймактары үчун атайын сунуштамаларды даярдаса, куткаруучулар, анын ичинде армиянын аскерлери суу каптап калган жердегилерди чыгарууга киришти.

Румнияда чукул кырдаал режими жекшембиде дагы узартылды. Суунун деңгээли айрым жерлерде үч метрге чейин жетүүдө.

Ал ортодо Польшанын түштүк-батышындагы Вроцлов аймагында Чех республикасы менен чектешкен Клодзко өрөөнүндөгү 30 метр бийик дамбаны суу жырып кеткенден кийин кырдаал оорлошуп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланды.

Австрияда ондогон муниципалитет жабыр тартканы белгилүү болду. Камп жана Кремпс дарыялары жээктен чыкты. Эки дарыя Дунайга барып кошулуп, Венгрияны, Словакияны, Сербияны, Хорватияны, Румынияны, Болгарияны, Молдованы жана Украинаны аралап өтөт.

Прага шаарынын бийлиги селден коргонуу чараларын күчөттү. Австрияда, Германиянын түштүгүндө, Венгрияда, Польшада, Словакияда нөшөрлөгөн жаан жаап жатат.

Синоптиктер белигелендей, жекшембиде айрым райондордо жаан-чачындын көрсөткүчү жылдык орточо санынын үчтөн бирине жетет, катуу шамал кырдаалды дагы кыйындатат.

XS
SM
MD
LG