Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:20

12-сентябрь: Азимбек Бекназаров кармалды, Трамп Харрис менен экинчи дебатка чыкпайт


Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер Камала Харрис теледебатта, 10-сентябрь, 2024-жыл
Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер Камала Харрис теледебатта, 10-сентябрь, 2024-жыл

12-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМК Азимбек Бекназаровдун кармалышы боюнча маалымат берди

УКМК тараткан маалыматка караганда, Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча шектелип, кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан анын баш коргоо чарасы тандала турганы белгиленген. 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары камакка алган ири суммадагы акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууга катыштыгы бар экендиги аныкталганын билдирди. Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын "саясий негизде" деп мүнөздөдү.

Кыргызстанда окуучусу аз мектептер бириктирилет

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругуна ылайык, 53 жалпы билим берүү уюму кошулат. Ош облусунда – 22, Нарын облусунда – 10, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1 мектеп бириктирилет. Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте 1-ноябрга чейин аякташы керек. Билим берүү жана илим министрлигинин быйыл өлкөдө 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин билдирген. Жалпысынан 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде.

Баткен: чек арадан аткезчилик менен акча, дары алып өткөндөр кармалды

Баткен райондук милициясы чек арачылар менен чогуу 2024-жылдын 12-сентябрында Тажикстан менен чек арадан ири суммадагы каражат алып өтүп бараткан адам кармалганы кабарланды. Милициянын маалыматында чек аралаш аймактан кармалган Кара-Бак айлынын 44 жаштагы М.А. аттуу тургуну кошуна өлкөдөн 1 810 000 орус рублин алып өтүп бара жатканда колго түшкөн. Ушул эле күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш аймагында аткезчилик жол менен Тажикстандан 2 млн сомдон ашыкка бааланган мыйзамсыз дары алып кирген Кыргызстандын эки жараны кармалды. Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель-май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин “чек аралар такталганга чейин” деген жүйө менен бир тараптуу жапкан.

Трамп Харрис менен кайрадан дебатка чыгуудан баш тартты

АКШда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп атаандашы, демократтардын талапкери Камала Харрис менен экинчи телевизиондук дебатка чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 13-сентябрда Reuters агенттиги билдирди. Агенттик белгилегендей, экс-президент менен азыркы вице-президент 10-сентябрда ABC телеканалы көрсөткөн алгачкы теледебаттын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоодо телекөрүүчүлөрдүн көбү жеңүүчү деп Харристи аташкан. Nielsen изилдөө борборунун маалыматына караганда, ал дебатты АКШда 67 миллион киши көргөн. Трамп өзүн алгачкы дебаттын жеңүүчүсү деп эсептей турганын айткан, бирок бир нече маалымат агенттиги ал уттуруп койгонун белгилешкен. АКШда прездиенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөт.

Украина төрт облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Украинада Орусиянын 12-сентябрдагы аткылоосунан Сумы облусунун бир тургуну каза болгонун аймактын администрациясы билдирди. Бейшемби күнү, облустук бийликтин маалыматына караганда, орус армиясы бул аймакты авиабомба, артиллерия, согуштук дрон жана миномет менен аткылады. Ал эми Харьков облусунун Боровая кыштагы кайрадан аткылоого кабылып, үч кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. 13-октябрга караган түнү Орусия оккупациялап алган Крым жарым аралынан Украинанын Одесса облусун учкучсуз учактар менен бутага алганын аймактык администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди. Дрон сыныктары түшкөн жерде бир киши жараат алды, айрым үйлөр жана машиналар талкаланды. Ал эми Одесса менен чектеш Николаев шаарында Орусия учурган согуштук дрондордун сыныгы түшүп, азык-түлүк ишканасынын аймагында өрт чыкты. Жалпысынан, жумага караган түнү Орусия Украинанын Николаев, Одесса, Хмельницк жана Ивано-Франков облустарынын аймагына Shahed дрондорунан 26ны учурганын, анын 24үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов Ооганстанда бир катар жолугушууларды өткөргөнү кабарланды

Ятимов Ооганстанга барып, борбор калаа Кабулда «Талибан» башкарган ооган өкмөтүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жолугушканын бир катар ооган басылмалары жазышты. Август айынын экинчи жарымында болгон иш сапар учурунда Ятимовду тажик Тышкы иштер министрлигинин дипломаттары коштоп жүргөн. Ал Ооганстандын башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Абдул Хак Васик, башкы прокурор Шамсуддин Кишми жана армиянын башкы штабынын башчысы Кари Фасихуддин менен жолугушкан. «Талибан» Тажикстанда террордук топ деп жарыяланган, анын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган. Тажикстандын башкы дипломатиялык мекемеси да, коопсуздук комитети да азырынча Ятимовдун сапары тууралуу расмий маалымат бере элек. 2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек.

Вьетнамда "Яги" тайфунунан каза тапкандар 197 кишиге жетти, 800 адам жараат алды

Жүздөгөн адамдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу Associated Press жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып жазды. Каза болгондордун көбү катуу шамалдан жана нөшөр жаандан улам суу ташкындап, жер көчкөндө өлгөндөр. Ылайланып аккан суу ташкыны көпүрөлөрдү бузуп, унааларды, адамдарды агызып, айылдарды каптады. 50 миңдей киши эвакуация болуп, өлкөнүн дээрлик жарымында мектептер жабылды. Тайфундан зыян тарткан райондордо ичүүчү суу жана тамак-аш жетишпей жатат. Келтирилген зыян буга чейин ондогон миллион долларга бааланган. Баш калаа Ханойдо акыркы 20 жылдагы эң катуу суу ташкыны болуп жатат. Тургундар тизеге чейин жеткен суу менен же кайык менен шаарды кыдырып, таштандылар сууда агып жүрөт. Вьетнамда соңку 30 жылда катталган эң күчтүү тайфун болуп калды.

Көчмөндөр оюндары: ат чабыштан Чиксон алтын, Каракыз коло медал утту

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат чабыштан мелдештер өтүп Жорго салыш боюнча жарышта Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы марага биринчи келип, алтын медал утту. Казакстандык Ербулан Тлеугалиулы Ак жаун аргымагы менен экинчи орунду ээледи. Коло байгени кыргызстандык Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен утту. Мелдешке 18 чабандес катышып, 9 чакырымга аттар чабылды. Аламан байге боюнча жарышка 27 күлүк катышты. Бул жарышта кыргызстандык чабандес Элесов Нурэл Каракыз күлүгү менен үчүнчү орунду ээледи. Бул жарышта биринчи болуп марага казакстандык чабандес Ансар Арыстанбек Айкабак аргымагы менен келип, алтын медалды утуп алды. Экинчи орунду дагы бир казак чабандеси Хамза Аманкелди Жумур туяк аргымагы менен ээледи. Ушу тапта Астанада өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында акыркы мелдештер өтүүдө. 8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат. Мелдеш жадыбалында биринчи орунда 44 алтын, 34 күмүш, 37 коло медал уткан Казакстандын курамасы турат. Экинчи орундагы Кыргызстандын капчыгында 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло бар. Үчүнчү орунда 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло уткан Өзбекстан курамасы келатат.

XS
SM
MD
LG