Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:19

Украина орус туткунунан дагы 49 жаранын кайтарып алганын билдирди


Туткундан кайткан украин жарандары. 2024-жылдын 13-сентябры.
Туткундан кайткан украин жарандары. 2024-жылдын 13-сентябры.

Украина Орусияда туткунда кармалып турган 49 жаранын бошотуп алганын, мекенине кайткандар арасында аскер кызматкерлери жана жайкын тургундар бар экенин бүгүн 13-сентябрда өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал туткундан кайткандардын сүрөтүн жарыялап, орусиялыктарды туткунга алып жаткан, «айырбаштоо фондун» толуктап келаткан украин аскерлерине ыраазычылыгын айтты.

Орус тарап азырынча маалымат бере элек, бирок айрым бийликчил блогерлердин айтымында, айырбаштоо 49х49 схемасы менен жүргүзүлдү, бошотулгандар арасында кечээ жакында эле Курск облусунда украиндердин колуна түшкөн жаш аскерлер бар.

Зеленский үйүнө кайткандар арасында 2022-жылы декабрда Орусия аннексиялап алган Крымдагы оорулуу атасын көрүп келгени барган, орус бийлиги тыңчылыкка айыптаган крымдык татар Ление Умерова, "Азовсталь" ишканасынын коргоочулары жана Украинанын Баатыры, аскердик дарыгер Виктор Ивчук да бар экенин айтты.

"Украинская правда" кабарлагандай, туткундан бошотулгандар арасында эки жылдан бери камакта отурган, Мариуполдо колго түшүрүлгөн "Азов" полкунун 15 аскер кызматкери да бар, алардын көбү аялдар. (RK)

XS
SM
MD
LG