Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Тажик атайын кызматынын башчысы Ооганстанда бир катар жолугушуу өткөрдү


Саймумин Ятимов. Архивдик сүрөт.
Саймумин Ятимов. Архивдик сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов Ооганстанга барып, борбор калаа Кабулда «Талибан» башкарган ооган өкмөтүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилери менен жолугушканын бир катар ооган басылмалары жазышты.

Август айынын экинчи жарымында болгон иш сапар учурунда Ятимовду тажик Тышкы иштер министрлигинин дипломаттары коштоп жүрүшкөн. Ал Ооганстандын башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Абдул Хак Васик, башкы прокурор Шамсуддин Кишми жана армиянын башкы штабынын башчысы Кари Фасихуддин менен жолугушууларды өткөргөн.

«Талибан» Тажикстанда террордук топ деп жарыяланган, анын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган.

Тажикстандын башкы дипломатиялык мекемеси да, коопсуздук комитети да азырынча Ятимовдун сапары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ооган басылмалары жазгандай, сапар тажик президенти Эмомали Рахмондун жеке тапшырмасынын негизинде, «Тажикстан менен «Талибан» ортосундагы эки тараптуу мамилени бекемдөө максатында» уюштурулду, жыйынтыгында Ятимов сапарын «жемиштүү» болду деп баалады.

Эки мамлекет ортосундагы соода-сатык алакасы, «Азаттык» радиосунун тажик кызматы маалымдагандай, жылдан-жылга кеңейүүдө, быйылкы жылдын биринчи жарымында көлөмү 46 миллион долларды түздү.

Тажик бийлиги соңку жылдары Ооганстан менен чектеш тилкесиндеги беш базарды кайрадан ачып, иштете баштады.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси “Талибанды” "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, «Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган» деп билдирди. Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушканы маалым болгон. Жапаров эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин айтканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG