Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Кыргызстанда окуучусу аз мектептер бириктирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Документке ылайык, 53 жалпы билим берүү уюму кошулат: Ош облусунда – 22, Нарын облусунда – 10, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1.

Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте 1-ноябрга чейин аякташы керек.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бир ай ичинде бириктирилген мектептердин кыскарган кызматкерлерин жумушка жайгаштыруу милдетин алат. Ошондой эле жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Министрликтин буйругу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу максатын көздөйт.

Билим берүү жана илим министрлигинин быйыл өлкөдө 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин билдирген. Жалпысынан 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG