Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:24

Казакстанда «АЭС керек эмес» платформасы тоскоолдукка туш болгонун айтууда


«АЭС керек эмес» платформасынын өкүлдөрү. 10-сентябрда тартылган сурөт.
«АЭС керек эмес» платформасынын өкүлдөрү. 10-сентябрда тартылган сурөт.

Казакстанда жакында негизделген «АЭС керек эмес» платформасынын 16-сентябрга пландалган панелдик талкуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу бүгүн 13-сентябрда «Азаттык» радиосунун казак кызматына платформанын демилгечиси Вадим Ни билдирип, иш-чара өтө турган мейманкана келишимден баш тартып койгонун айтты.

Анын айтымында, DoubleTree by Hilton Almaty мейманканасы менен келишим 2-3 апта мурда түзүлүп, элден чогулган акчанын эсебинен 50 кишилик залдын ижара акысына 450 миң теңге төлөнүп коюлган.

«Баары жайында эле болчу. Бирок бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарына чакыруу жөнөтүлгөндөн кийин мейманканадан чалышты. Алар жабылып жатканын, ошондуктан иш-чараны өткөрүүгө шарт болбой турганын айтышты», - деди Вадим Ни.

Ни мындай тоскоолдукту АЭСтин курулушун колдогон, бийлик менен байланышы бар адамдар жасап жаткан болушу ыктымалдыгын белгилеп, башка жай издей турганын кошумчалады.

16-сентябрга белгиленген жыйында, уюштуруучулардын айтымында, эки сессияда талкуу жүрмөк. Биринчисине эксперттер, экинчисине жаштар өкүлдөрү катышары пландалган.

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча референдум уюштуруу маалында коомдук пикирди сурамжылоо эрежесинин бузулушуна байланыштуу сегиз факт катталганын 12-сентябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген. Алардын алтоо боюнча, мекеменин маалыматына караганда, айыппул салынды.

10-сентябрда жарандык активист Абзал Достияров Алматынын административдик сотунун чечими менен айыпка жыгылып, 55 миң теңге төлөөгө милдеттендирилген. Өзү айыптоону четке кагып, сурамжылоо жүргүзбөгөнүн айткан.

Быйыл 6-октябрда Казакстанда "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо боюнча жалпы элдик референдум өтөт. 3-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү 4-октябрда жыйынтыкталат. Референдумду уюштуруп, өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге бөлүнөт.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. АЭСке каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG