Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Кыргызстандын акыйкатчысы Эстониянын жаранына жардам берүүгө чакырды


Эстониянын желеги жана герби, өлкөнүн парламентинин имараты.
Эстониянын желеги жана герби, өлкөнүн парламентинин имараты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын аймагында 1992-жылдан бери жашап жүргөн Эстониянын жаранына жардам берүүгө чакырды.

13-сентябрда таратылган расмий маалыматка ылайык, 50 жаштагы жаран документи жоктугунан 32 жылдан бери Кыргызстандан кете албай жүрөт.

"Ал 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, кийин документтерин жоготуп алган. Кайра калыбына келтирүү үчүн Эстониянын мамлекеттик органдарына кат жазган. Кыргызстанда аталган өлкөнүн элчилиги жок болгонуна байланыштуу, Казакстандагы элчилигине да кайрылып, жооп ала алган эмес", - деп белгиленген маалыматта.

Ал азыр Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу айылында жашайт жана жалданма жумуштар менен жан багат. Омбудсменге кайрылып, Кыргызстандын жарандыгын алууга көмөк сураган.

Акыйкатчынын кеңсеси Эстониянын Казакстандагы элчилигине кат жөнөтүп, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып берүүнү өтүнгөн. Оң жооп ала албай, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да кат жолдогон.

Маалыматта Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатканы да кошумчаланган. (SE)

XS
SM
MD
LG