Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:00

Ош - Эркечтам жолундагы кырсыктан бир бала каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Суу районунда Ош - Эркечтам унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир бала каза болду. Бул тууралуу 13-сентябрда “Азаттыкка” Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөр биринин атасынын унаасын жашырып айдап чыгышкан. Алар эки унаа болуп баратып, бири жол боюнда токтоп турган унааны барып сүзгөн.

"Окуя 13-сентябрга караган түнү саат 2лер чамасында болгон. Азырынча бул иш райондук милицияда. Алты бала ооруканага түшүп, бир бала каза болгон. Алардын баары 2008-2009-жылкы балдар ",-деди Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Бакыев.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.

2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (DSh)

XS
SM
MD
LG