Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

Азербайжанда оппозиция лидеринин иши сотко өттү


Али Керимли. Архивдик сүрөт.
Али Керимли. Архивдик сүрөт.

Азербайжанда оппозиция лидеринин соту келерки аптада башталарын бүгүн 12-сентябрда “Азаттыктын” азери кызматы билдирди. Борбор калаа Бакунун Насими райондук соту "Азербайжандын элдик фронту" партиясынын төрагасы, “жалаа жапкан” деп айыпталып жаткан Али Керимлинин иши боюнча соттук териштирүүнү 19-сентябрга белгиледи.

Өткөн айда Керимли ага каршы арызды 2019-жылы аталган партиянын катарынан чыгарылып, кийин соттун чечими менен кайрадан партиядагы мүчөлүгү калыбына келтирилген Айдан Алиев жазганын билдирген.

Эгер сот Керимлини күнөөлүү деп тапса, ал алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынышы ыктымал.

Саясатчы соттун бүгүнкү чечимин «саясий буюртма» деп атады.

Азербайжандагы айрым укук коргоо уюмдары жана оппозициячыл активисттер полиция кээ бир саясатчыларды, журналисттерди жана активисттерди Керимлиге каршы арыз жазууга мажбурлоо аракетин 2013-жылдан бери жүргүзүп келе жатканын айтышты.

“Буга чейин бийлик мага каршы териштирүү баштабай, акылдуулук кылып келген эле. Бирок азыр режим АКШнын, Евробиримдиктин, Европа Кеңешинин жана башкалардын репрессияны токтотуу тууралуу чакырыктарына көңүл бурбай, жазасыз калып жатканын сезип тургандай. Оппозициялык партиянын лидерине каршы иликтөө жүргүзүү менен бийлик оппозицияны, жарандык коомду жана эркин маалымат каражаттарын толук жок кылууну көздөөдө», - деди Керимли Бакуда тарапкерлери менен жолугушууда.

Азери бийлиги өлкөдө адам укуктары сакталарын, саясий куугунтук жок экенин айтып келет.

Президент Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы быйыл 1-сентябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүк орундарды сактап калган. Өлкөдөгү ири оппозициялык партия – "Азербайжандын элдик фронту" шайлоону жетинчи жолу бойкоттоп, жараянды "өкмөттүн бурмаланган шайлоо маскарады" деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG