Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Орусия Курскиде 10 калктуу пункт украин аскерлеринен бошотулганын билдирди


Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлерине каршы контрчабуул жүргүзүп жатканын расмий ырастады. Мекеменин 12-сентябрдагы маалыматында «эки сутка ичинде 10 калктуу пункт, анын ичинде Снагость кыштагы бошотулганы» айтылды.

Курскинин бир нече айыл-кыштагы украин аскерлеринин көзөмөлүнөн бошотулганын буга чейин согушту чагылдырып жүргөн блогерлер айтып чыгышкан, тийиштүү маалыматын АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) да жарыялаган.

Орус аскерлеринин алдыга жылуусу 10-сентябрда башталган. Алар бир нече чакырым илгерилеп калганы маалымдалууда. Украиндер ээлеп алган Суджа райондук борборунда кандайдыр бир кармаш жүрүп жатканы тууралуу маалымат азырынча жок.

Украин президенти Владимир Зеленский 12-сентябрда Киевде Литванын башчысы Гитанас Науседа менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус аскерлери Курск облусунда контрчабуул баштаганын тастыктады.

Ал "Бардыгы биздин украин тараптын планы боюнча жүрүп жатат", - деди, бирок андан башка эч нерсе тактап айткан жок.

Бир катар орусиялык блогерлер украин аскерлери Курск облусунун башка тилкелеринде чек арадан өтүүгө аракет кылганын жазышты.

Украин аскерлери Орусиянын чектеш Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Киев Курск операциясы башталгандан бери бул облустун дээрлик 1200 чакырымдай тилкесин көзөмөлгө алууга жетишкенин билдирген. Негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

Орусия айрым райондорун украиндер ээлеп алганын, бир нече жараны каза тапканын тастыктап, ал жакта өзгөчө кырдаал жарыялаган, жергиликтүү тургундарын эвакуациялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG