Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

Зеленский: Кызыл Чырым уюмунун машинасына урулган соккудан үч киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада Кызыл Чырым эл аралык уюмунун гуманитардык миссиясынын машиналары Орусиянын соккусуна кабылганын бүгүн 12-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Окуя Донецк облусунда болгонун маалымдаган мамлекет башчы социалдык түйүндөргө Кызыл Чырымдын эн белгиси тартылган оор жүк ташуучу машина өрттөнүп жаткан сүрөттү жарыялады.

Зеленскийдин айтымында, үч киши каза болду, дагы экөө жараат алды. "Дүйнө чечкиндүү жана принциптүү реакция жасоого тийиш. Бирдикте гана дүйнө Орусияны бул террорун токтотууга жана Москваны тынчтыкка умтулууга мажбурлай алат", – деп жазды ал.

Донецк облусунун бийлиги Веролюбовка кыштагы бейшемби күнү артиллериялык чабуулга кабылганын кабарлап, гуманитардык жүк ташыган машина жок кылынганын, үч кишинин өмүрү кыйылганын бир аз мурдараак маалымдаган.

Орусия да, Кызыл Чырым уюму да азырынча расмий комментарий бере элек.

Зеленский орус аскерлери Кара деңизде жүк ташуучу кемеге ракета менен сокку урушканын да, ал Египетке буудай ташып баратканын, адамдар аман экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG