Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Навальныйдын адвокаттарынын соту башталды


Игорь Сергунин, Алексей Липцер жана Вадим Кобзев.
Игорь Сергунин, Алексей Липцер жана Вадим Кобзев.

Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын мурдагы адвокаттарынын соту башталды. Жактоочулар Вадим Кобзев, Алексей Липцер жана Игорь Сергунинге каршы ачылган кылмыш иштери боюнча соттук териштирүү Владимир облусунда өтүүдө.

"Медиазона" басылмасынын маалыматына караганда, адвокаттарга экстремисттик ишмердикке катышуу тууралуу айыптар тагылган.

12-сентябрда өткөн алгачкы соттук отурумда судья Юлия Шилова териштирүүнү жабык өткөрүү чечимин кабыл алды. Буга Экстремизмге каршы борбордон келген кат себеп болгонун, аталган борбор Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду (ФБК) чагым уюштурушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын айтты.

Адвокаттар 2023-жылдын 13-октябрынан бери тергөө абагында отурушат. Алар Навальныйдын абактан жазган каттарын тарапкерлерине жеткирип турушкан, муну менен ага экстремисттик бирикменин жетекчиси жана лидери катары ишмердигин уланта берүүсүнө шарт түзүшкөн деп айыпталууда.

2021-жылы Москва шаардык соту Алексей Навальный түзгөн ФБКны экстремисттик уюм деп тааныган. Үч юрист тең Росфинмониторингдин экстремисттер жана террористтер тизмесине киргизилген.

Навальныйдын айрым адвокаттары Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүргөн, аларга сыртынан айып тагылган.

2023-жылы август айында Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы Навальныйды экстремисттик бирикме түзүү тууралуу жана башка бир нече айыптын негизинде 19 жылга эркинен ажыраткан. Жазасын алыскы Ямал-Ненецк аймагындагы колонияда өтөп жаткан Навальный быйыл 16-февралда абакта көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG