Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көк бөрүдөн чемпион болду


Кыргызстандын жана казакстандын көк бөрү курамалары.
Кыргызстандын жана казакстандын көк бөрү курамалары.

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду. Финалдык беттеште бул курама Казакстандын көк бөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр биринчи бөлүктө тай казанга беш улак салды. Казак көк бөрүчүлөрү бир улак салганга жетишти. Экинчи бөлүктө эсеп 8:3 болду. Үчүнчү бөлүктө кыргыз көк бөрүчүлөрү дагы эки улак салды. Оюн бүтөрүнө саналуу секундалар калганда казак курамасынын оюнчусу дагы бир улак салып, акыркы эсеп 10:4 болду.

Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

Ушуну менен Кыргызстандын көк бөрү курамасы беш жолу Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Мунун алдында көкпардан финалдык беттеш өтүп, казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде жеңишке жетти.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өттү. Көк бөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышты.

Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана көк бөрү кайра кошулган. Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы бул оюндарда орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен камсыз кылды.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө. Жалпы 97 комплект медал ойнотулат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу демилгесин Кыргызстан 10 жыл мурда көтөрүп, өзү 2016-жылдан бери үч ирет өткөргөн, төртүнчү жолу Түркияда уюштурулган. Оюндар эки жылда бир уюштурулуп жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG