Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Газада Израилдин соңку чабуулунан 34 киши каза болду


“Ал-Жауни” мектеби. 2024-жылдын 11-сентябры.
“Ал-Жауни” мектеби. 2024-жылдын 11-сентябры.

Газа секторунда Израилдин чабуулдарынан дагы 34 кишинин өмүрү кыйылганын 12-сентябрда AFP маалымат агенттиги сектордун АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын 19у аялдар жана балдар.

Каза тапкандардын 18и сектордун борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагеринин аймагында жайгашкан БУУнун эркек балдарды мектепке даярдоочу “ал-Жауни” мектебинин имаратына жасалган чабуулдан өлгөнү, ал жерде жайкын тургундар баш калкалап турганы маалымдалды. Израил аталган имаратта ХАМАСтын согушкерлери жашынып отурганын, чабуул ошолорго каршы багытталганын билдирди.

«Элдин көбү мектептин имаратына кирип, ошол жакта баш калкалап жашап жаткан эле. Эми ал жерди да бомбалашты. Каза болгондордун көбү балдар жана аялдар. Эл дагы кайсы жакка бара алат эле?», - деди өзүн Бассел Амарнех деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Ушуну менен, Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери Газада каза тапкандардын саны кеминде 41 118ге жетти, жараат алгандар - 95 125.

Нусейраттагы соккудан өмүрү кыйылгандар арасында БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA) алты кызматкери да болгону кабарланды. Ал-Жауни мектебинин имараты буга чейин да бир нече жолу аткыланган.

ХАМАС палестин тобу жогорку жетекчилеринин бири Халил ал-Хайя баштаган сүйлөшүү тобу 11-сентябрда Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман Ал Тани жана Египеттин чалгын мекемесинин башчысы Аббас Камел менен жолугуп, Газадагы соңку кырдаалды талкуулаганын маалымдады.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш мектептин аткыланышын айыптап, Х социалдык түйүнүнө "Газада болуп жаткандын баары таптакыр кабыл алынгыс… Эл аралык гуманитардык укуктун ушинтип одоно бузулуп жатышы тез арада токтошу керек" деп жазды.

UNRWA уюмунун башчысы Филипп Лазарини "Жазасыз кала берүү канчалык көп өкүм сүрсө, эл аралык гуманитардык укук жана Женева конвенциялары ошончолук маанисиз болуп калат" деп Х социалдык түйүнүнө жазды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG