Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Бишкекте сегиз айда автобустар катышкан 230дан ашуун жол кырсыгы болду


Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталды. Анын 109 учурунда автобус айдоочулар күнөөлүү болгонун шаардык транспорт муниципалдык ишканасынан "Азаттыкка" билдиришти.

Мекеме келтирилген чыгымдарды күнөөлүү тарап төлөп берерин, кырсыктан автобус такыр жараксыз болуп калган учурлар каттала электигин маалымдады.

Жаңы автобустар күн алыс жол кырсыгына кабылган окуялардын сүрөт-видеолору социалдык тармактарда жарыяланып келатат.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууну көздөп жатат.

Августтун соңунда Бишкек шаардык Транспорт департаменти 500 кичи автобус алып келип, жаңы конуштардагы каттамдарга коюу пландалып жатканын билдирген.

Ушул тапта шаардагы жол тыгындарына байланыштуу Бишкек мэриясына сын күчөдү. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлдү.

Мэрия башкалаадагы билим берүү мекемелеринин иш тартиби өзгөртүлгөндөн кийин тыгындар азайды деген маалымат берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG