Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Депутат Акаев кесиптешинин иш бөлмөсүндөгү тинтүү боюнча маалымат берди


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Альянс" фракциясынын төрагасы Жанарбек Акаев депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы тууралуу учкай маалымат берди. Анын 12-сентябрда парламент жыйынында сүйлөгөнүнө караганда, маселе Молдобекованын жеке өзүнө тийиштүү эмес:

"Бүт маалымат каражаттарында "Альянс" фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүү болуп жатат деген маалыматтар чыгып кетти. Ал такыр башка маселе боюнча, Молдобековага тиешелүү эч маселе жок. Өзү болсо төрага менен Өзбекстанда расмий иш сапарда жүрөт".

Акаев депутаттын иш бөлмөсү кайсы маселеге байланыштуу тинтилип жатканын тактаган жок.

Мунун алдында Молдобекованын иш бөлмөсү тинтилип жатканы тууралуу видео жарыяланып, муну окуянын күбөлөрү "Азаттыкка" ырасташкан. Тинткендер Кыргызстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү экени айтылууда. Азырынча УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын күч органдары депутат Молдобекованын эки жардамчысын кармап кеткенин жазышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG