Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Депутат Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынганы кабарланды


Гүлкан Молдобекова.
Гүлкан Молдобекова.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекованын парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатканы кабарланды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү "Азаттыкка" ырасташты. Тинтүүгө алган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери экени айтылууда. Атайын кызмат бул тууралуу маалымат бере элек.

Айрым маалымат каражаттары Молдобекованыкы делген иш бөлмө тинтилип жатканы тартылган видеону жарыялап жатышат.

Эл өкүлүнүн иш бөлмөсү эмне себептен тинтилип, текшерүүгө алынып жатканы белгисиз. Молдобекованын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Фракциянын депутаттары Гүлкан Молдобекова парламенттик делегациянын курамында Өзбекстанга иш сапары менен кеткенин билдиришти. Ал жакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форуму өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG