Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Бишкекте 500гө жакын мугалимдин орду бош турат


Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер - физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, шаардагы мугалимдер пенсия курагына жеткендиктен жумуштан кеткен. Ал эми аймактарда, өзгөчө айыл жергесинде бир орунга 3-4 адис табылат. Министрдин орун басары учурда 300 педагог атайы кайра даярдоо тутумунда билим алып жатканын кошумчалады.

2023-жылы октябрда Кыргызстандын мектептеринде 800дөн ашык педагогдун орду бош турганы айтылган. Быйыл бул көрсөткүч 1300дөн ашты. Бул көйгөй өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында курч турат.

Айрым мектептердин жетекчилери мугалимдерди "Лалафо" өңдүү платформалар аркылуу да издеп, аларды иш тажрыйбасына да карабай алганга даяр экенин белгилегени коомдо талкуу жаратты.

2024-жылы апрелде Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети мамлекеттик стандарттарга ылайыктап бир нече эксперименталдык билим берүү программаларын ишке киргизген. Алардын бири - жети педагогикалык багыт боюнча кош адистик берүү.

Мындай программа боюнча окуган мугалимдер, мисалы, бир эле учурда математика жана физикадан, химия жана биологиядан, география жана биологиядан сабак өтө алат. Ал эми филологдор англис жана кыргыз тили, кыргыз тилчилер орус тилинен да сабак өтсө болот.

Кош адистештирүүнүн артыкчылыгы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (KS/КЕ)

XS
SM
MD
LG