Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Казак активисти АЭС боюнча сурамжылоо үчүн айыпка жыгылды


Абзал Достияров Алматыдагы Ауэзов райондук прокуратурасында. 9-сентябрь, 2024-жыл
Абзал Достияров Алматыдагы Ауэзов райондук прокуратурасында. 9-сентябрь, 2024-жыл

Алматы шаарынын административдик соту шейшембиде жарандык активист Абзал Достияровду Ютьюб-каналында Казакстанда АЭС куруу боюнча социалдык сурамжылоонун видеосун жайгаштырганы үчүн 55 миңдей теңге (азыркы курс менен 116 доллар) айыпка жыкты. Ал шайлоого байланыштуу элдин пикирин сурап билүү изилдөөлөрүн жүргүзүүнүн жол-жоболорун бузган деп табылды.

Активист соттун чечимине жана ага артылган дооматка макул эмес. Ал сурамжылоо жүргүзбөгөнүн, көрүүчүлөр үчүн талкуу даярдап жатканын айтууда.

Абзал Достияров бийликти сындап жургөн жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Казакстандын демократиялык партиясы” кыймылы жана анын лидери Жанболот Мамай менен митингдерге катышып келген. Достияров бир нече жолу административдик жазага тартылган.

Казакстанда 6-октябрда АЭС куруу маселеси элдик референдумга алынып чыкмакчы. Ал тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 2-сентябрда жарыялаган. Добуш берүүнү өткөрүүгө бийлик казынадан 32 миллион доллар сарптоону караштырууда.

АЭС кайсы аймакта курулары расмий айтыла элек. Бирок болжолдуу жер катары Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылы аталып келет.

Станцияны куруу долбооруна кайсы мамлекеттер аралашары да белгисиз. Казак бийлиги бул чечим референдумдан кийин кабыл алынарын айтууда.

Долбоорго каршы чыккандар курулуш кымбатка түшөрүн, өлкө аны технология менен камсыз кылган тараптан көз каранды болуп каларын айтып, экологиялык маселелерди козгоп жатышат.

XS
SM
MD
LG