Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Ошто окуу жайдын деканы коррупцияга шек саналып кармалды


УКМК тараткан сүрөт. 11-сентябрь, 2024-жыл
УКМК тараткан сүрөт. 11-сентябрь, 2024-жыл

Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин (КӨЭУ) финансы-экономика факультетинин деканы мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден дайыма опузалап акча талап кылып келген деп шек саналууда.

Бул тууралуу 11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Шектүү эки суткага УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалды.

Атайын кызмат буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренесинин негизинде аталган окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы жана декандын орун басары кармалганын кабарлаган.

Декандын кармалышы тууралуу алардын адвокаттары жана университет жетекчилиги комментарий бере элек.

Атайын кызмат 31-июлда абитуриентти жогорку окуу жайга өткөрүү үчүн 84 миң сом алган жаран кармалганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG