Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Тажикстандын Москвадагы элчилиги жарандарын Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды


Орусияга барууга камданып жаткан тажикстандык мигранттар. Архивдеги сүрөт.
Орусияга барууга камданып жаткан тажикстандык мигранттар. Архивдеги сүрөт.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги 9-сентябрда тараткан билдирүүсүндө Орусиядагы жарандарына этият болууга кеңеш берди. Андан тышкары Орусияга барууга камданып жаткандарга жолго чыкпай турууга чакырды.

Билдирүү элчиликтин "Фейсбуктун" баракчасына жайгаштырылды. Себеби так жазылбаганы менен, соңку айларда Орусияга кирүүгө тыюу салынган же бул өлкөдөн депортацияланган тажикстандыктардын саны кескин өскөн.

Тажикстандын Эмгек жана иш менен камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку алты айда Орусиядан 17 миң тажик жараны чыгарылган.

5-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга барбай турууга чакырган. Бишкек муну Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши менен түшүндүргөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү соңку тинтүүлөргө байланыштуу "Сахарово" борборундагы абал менен таанышуу мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Быйыл мартта Орусияга "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин мигранттарды басмырлоо күч алганы кабарланууда. 145 кишинин өмүрүн алган кол салууну уюштурууга тиешеси бар деген кине менен орус бийлиги 15ке чукул адамды кармаган. Алардын көбүнүн теги тажикстандыктар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG