Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Самаркандда блогер "майда бейбаштык" үчүн 10 суткага камалды


Блогер жана журналист Баходур Хасанов.
Блогер жана журналист Баходур Хасанов.

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы сот социалдык тармактарда активдүү блогер жана журналист Баходур Хасановду "майда бейбаштыкка" айыптап, он суткага камоо чечимин 10-сентябрда чыгарды.

Хасановдун жакындарынын айтымында, ал "блогерлик ишмердүүлүгү үчүн жазаланды". Милиция болсо Хасанов жабырлануучу аялдын арызынын негизинде кармалганын жүйө келтирүүдө.

Баходурдун атасы Зохир Хасанзоданын айтымында, сот жараяны адвокатсыз жана туугандарынын катышуусуз өткөн.

Коопсуздук органдарынын өкүлдөрү 9-сентябрда үйүн курчоого алып, Баходурду күч менен чыгарып кетишкен. Зохир Хасанзода уулунун кармалышын жана соттун өтө тездик менен өтүшүн бийликтин басымы катары мүнөздөйт.

Камалардын алдында Баходур Фейсбуктагы баракчасына милиция аны аңдып жүргөнүн жазган.

"Бир нече күн мурда Самарканд районундагы жер тилкесин кимдир бирөө мыйзамсыз басып алганы тууралуу жаздым эле. Бул жергиликтүү аткаминерлерге жакпай калыптыр. Мени кармоону көздөп жатышат. Мен жети жылдан бери бийликте отуруп адилеттик жана чынчылдык тууралуу айтып келаткан президентке кайрылам",- деп жазган эле өз баракчасында Баходур Хасанов.

Самарканд облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жахонгир Сагдуллаев 10-сентябрда Хасанов коомдук жайда видео тартып жатканда аны тартпоону суранган аялды сөккөнүн, ал кийин милицияга арызданганын билдирди.

Баходур Хасанов мурда облустук "Самарканд добушу" гезитинде эмгектенген. Бир нече жылдан бери көз карандысыз журналист жана блогер катары социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып келет.

XS
SM
MD
LG