Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Сот экс-депутат Бакир уулун журналисттен кечирим суроого милдеттендирди


Турсунбай Бакир уулу.
Турсунбай Бакир уулу.

Ленин райондук соту журналист Лейла Саралаеванын экс-депутат Турсунбай Бакир уулуна карата берген доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Ага ылайык, экс-депутат журналисттен Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ачык кечирим сурап, мурда жазганын төгүндөөгө тийиш. Ошондой эле Саралаева тууралуу мурда жазганын өчүрүүгө милдеттүү.

Бул тууралуу журналист Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Турсунбай Бакир уулунан моралдык зыян катары 1,5 млн сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөнүн, бирок сот ал өтүнүчүн канааттандырбаганын билдирген. Саралаеванын сөзүнө караганда, сот экс-депутатка Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан үгүт жүргүзүү эрежесин бузганы үчүн айып пул салганын эске алган.

"Бирок экс-депутат 12,5 миң сом айып пулду да алигүнчө төлөй элек", - деп жазды Саралаева.

"Кыргызстандын жаңы жүздөрү" деп аталган сайттын негиздөөчүсү, журналист Лейла Саралаева 2023-жылы №21 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Ал былтыр декабрда өзүнүн атаандашы Турсунбай Бакир уулун сотко берип, анын Фейсбуктагы жазгандары үчүн 1,5 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Сөз болуп жаткан пост Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешти шайлоо өнөктүгү учурунда Фейсбукка жарыяланган. Бакир уулу менен Саралаева ушул округдан талапкер катары катталып, кийин мурдагы депутат саясий жарыштан баш тарткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бакир уулуна үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы үчүн эскертүү берген. Мындай чечим Саралаеванын жазган арызынын негизинде каралып, кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG