Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Орус түрмөлөрүндөгү чет элдиктерге жазасын өз мекенинде өтөө сунушталууда


Орусиядагы түрмөдө жазасын өтөп жаткандар.
Орусиядагы түрмөдө жазасын өтөп жаткандар.

Орусияда соттолгон чет өлкөлүктөргө жаза мөөнөтүнүн калганын мекенинде өтөөнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы укук коргоочу Ивана Асташинге жана Мордовиядагы түрмөдөгү кырдаал менен жакындан тааныш өз булагына таянып жазды.

Алардын пикиринде мындай жол менен, балким, Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы "түрмөлөрдөгү барымтага алуу боюнча жаңы окуялардын алдын алууну көздөп жатышы мүмкүн".

Басылманын булагы билдиргендей, Мордовия жумуриятындагы ИК-17 түрмөсүнүн жетекчилиги ал жакта жазасын өтөп жаткан чет элдиктерге өз мекенине которууну суранып арыз жазууну сунуштаган.

Булак белгилегендей, дал ушул түрмөдө Кыргызстандын үч жараны, Беларустун бир жараны мекенине которулууну күтүп жатышат.

Адвокат Евгений Смирнов белгилегендей, түрмөдөгүлөрдү мекенине кадимки депортация жолу менен которушу мүмкүн. Себеби экстрадиция үчүн чет өлкөнүн бийлигинин атынан кайрылуу түшүш керек.

Быйыл август айынын соңунда Волгоград облусунун Суровикино шаарындагы №19 түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандар дисциплинардык комиссиянын жыйынында бир нече адамды барымтага алышкан. Жаза аткаруу кызматынын төрт өкүлү набыт болгон. Күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын алкагында барымтага алынгандар бошотулуп, ал эми кылмышка шектүүлөр жок кылынган. Алардын айрымдары борбор азиялыктар экени кабарланган.

Июнь айында Ростов-на-Дону шаарындагы №1 убактылуу кармоо жайында отурган алты адам абактын эки кызматкерин барымтага алышкан. Алардын жанында "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги, бычактар жана араб тилиндеги жазуусу бар жоолуктар болгон. Бир нече сааттан кийин кылмышка шектүүлөр жок кылынып, барымтадагылар бошотулганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG