Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Бишкек–Москва поезд каттамы декабрдан тартып жанданат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек–Москва поезд каттамы ушул жылдын 18-декабрынан тартып жанданат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 10-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, каттам жумасына эки жолу уюштурулат.

Аталган ишкананын адистери 3-6-сентябрь күндөрү Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышкан.

Анын жыйынтыгында Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды.

"Кыргыз темир жолу" поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылганын билдирди.

2025-жылы Бишкек-Казан багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд сегиз күндө бир жолу каттамын улантат. Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилери белгиленген.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан кийин жабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG