Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Украинага барат


Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан 10-сентябрда Киевге барары күтүлүүдө. Ал муну менен эл аралык соттун орус армиясынын Украинадагы ыктымал согуш кылмыштарын иликтөө аракеттерине колдоо көрсөткүсү келет.

Хан Украинанын башкы прокурору Андрей Костин менен жолугуп, баш калаадагы "Охматдет" балдар ооруканасына барары күтүлүп жатат. Бул оорукана 8-июлда орус армиясынын жапырт аба соккусуна туш болгон. Эл аралык коомчулукту нес кылган ал чабуулда ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Хан жана Эл аралык соттун башкы өкүлдөрү 2022-жылдын февралынан бери Украинага бир нече ирет барышкан.

2023-жылы Хан Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды мыйзамсыз депортациялап, Орусияга чыгарып кеткени үчүн камоого ордер чыгарган.

Москва Эл аралык кылмыш сотун негиздеген Рим статутунун мүчөсү эмес. Кремл өкүм чыккандан кийин сотту "Батыштын тар кызыкчылыктарына кызмат кылган мекеме" деп айыптаган.

Көп өтпөй Орусиянын Ички иштер министрлиги Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурору Карим Ахмад Ханды издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG