Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Ысык-Көлдөгү форумда кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлөрү маалымдалды


Кыргызстан менен Кытайдын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери. Иллюстрациялык сүрөт.

10-сентябрь күнү "Ысык-Көл-2024" экономикалык форум өтүп, ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн ишкерлери катышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, форумдун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда алты документке кол коюлду. Анын ичинде уставдык капиталы 1 млрд доллар болгон инвестициялык фонд түзүү тууралуу меморандум бар. Документке Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытайдын Nanjing Huajin Bureau Asset managment CO компаниясынын жетекчилиги кол койду.

Ошондой эле Казарман ГЭСин куруу, курулуш материалдарын өндүрүү боюнча кызматташтык жана башка жалпы жети меморандумга кол коюлганын аталган агенттик кошумчалады.

Мекеменин билдирүүсүндө, "Ысык-Көл-2024" экономикалык форумунда энергетика, айыл чарбасы, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, мейманкана жана туризм, архитектура жана курулуш, маалыматтык технологиялар, логистика жана ташуу тармактарында кызматташтык маселелери талкууланды.

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы соңку жылдары кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, соода жүгүртүү 2022-жылы 4,1 млрд доллар болсо, 2023-жылы 5,4 млрд долларга жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG