Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Бир жылда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн саны 6 эсеге өскөн


Бир жылда орус армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөндөрдүн саны алты эсеге өскөн. Бул тууралуу "Важные истории" басылмасы федералдык бюджеттин чыгашаларына таянып жазды.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын биринчи жарымында 26 700 адам келишим түзгөнү үчүн бир жолку төлөм алса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде алардын саны 166 миңге жеткен.

Келишим түзгөн аскерлердин санынын кескин өсүшү биринчи кезекте аларга төлөнүүчү акчанын көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген.

Москвада Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн бир жолку сый акысынын өлчөмү 1,9 миллион рублга, Москва облусунда 1,7 миллионго, Ростов облусунда 1,2 миллионго, Башкырстан менен Дагестанда 500 миң рублга жеткен.

Ушуга байланыштуу апрель айынан июнга чейин эле дээрлик 93 миң киши орус армиясын менен келишим түзгөн.

Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын соңку эсебинде Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери 61 009 орус аскери каза тапкан. Бул тек-жайы такталгандары гана. Каза тапкандардын саны мындан да көп болушу ыктымал.

Буга чейин "Медуза" жана SOTA басылмалары орусиялыктарга Украинадагы согушка чакырган СМС билдирүүлөр келип жатканын кабарлаган. Билдирүүдө "Коргоо министрлиги менен келишим түз. 800 миң рубль жана жеңилдиктер дароо берилет. 117ге чал!", - деп жазылган.

XS
SM
MD
LG