Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Паралимпиада: Медалдардын жалпы саны боюнча Кытай жеңүүчү болду


Паралимпиаданын жеңүүчүлөрү. Париж, 1-сентябрь, 2024-жыл (иллюстрация)
Паралимпиаданын жеңүүчүлөрү. Париж, 1-сентябрь, 2024-жыл (иллюстрация)

Париждеги Паралимпиаданы медалдардын жалпы саны боюнча Кытай жеңди. Алар 220 медаль, анын ичинде 94 алтын алды. Экинчи орунда Британия жана АКШ жайгашты.

Оюндар 8-сентябрда салтанаттуу жабылды. Паралимпиадага бул ирет 4,4 миң атлет, арасында төрт кыргызстандык катышты.

Бейтарап макамда мелдештерге чыккан орусиялык спортчулар 64 медал, анын ичинде 20 алтын утту. Бардыгы болуп уюштуруучулар Орусиядан 88 спортчуга ат салышууга уруксат берген.

Паралимпиада боюнча эл аралык комитет Москва Украинага басып кирген 2022-жылдын 24-февралынан кийин Орусия менен Беларуска санкция салган. Быйыл мартта ал эки өлкөнүн атлеттери Парижде бейтарап макамда, спорттун жеке түрлөрү боюнча гана катыша аларын, жеңген учурда алардын улуттук гимни аткарылбасын билдирген.

Майып спортчулар катышкан Паралимпиада оюндары азыркы аталышта 1960-жылдан бери уюштурулуп келатат.

Программасына спорттун салттуу түрлөрү жана майыптыгы бар атлеттер үчүн иштелип чыккан жарыштар кирет.

XS
SM
MD
LG