Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кара-Балтада курал-жарак катылган жай табылды


Кара-Балтада катылган курал-жарак. Сентябрь, 2024-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Кара-Балтада катылган курал-жарак. Сентябрь, 2024-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды табуу жана алып коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүйдүн Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, курал-жарак "деструктивдүү акцияларды жана оор кылмыштарды жасоодо колдонулушу мүмкүн".

Табылган курал-жарактын арасында 2 даана белгисиз маркадагы арааланган жылмакай мылтык, 1 даана (болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы) мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанчалар, 50 чакты түрдүү калибрдеги октор, бычактар жана дисктер табылып, алынган.

Атайын кызмат ошондой эле учурда уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-иштери уланып жатканын кабарлап, курал-жаракты мыйзамсыз сатуу кылмыш экенин эскертти.

УКМК 5-июлда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, беш адам кармалганын кабарлаган.

Алардын жашаган жерин жана автоунааларын тинткенде 70 курал-жарак, 255 миң 238 ок-дарылар, 200 укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 баш кийим, 38 ок өтпөс кийим, 2 дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынган.

Атайын кызмат алар быйыл 31-августта улуттук ат чабыш ойнотулуп жатканда теракт кылууну пландаганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG