Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылды


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 8-сентябрь, 2024-ж.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 8-сентябрь, 2024-ж.

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.

13-сентябрга чейин өтө турган мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден көбүрөөк спортчу катышары кабарланган.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземине катышуу үчүн кошуна өлкөгө барды.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG