Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Башкы прокуратурада Улуу Британия менен кызматташуу талкууланды


Башкы прокуратурадагы жолугушуу.
Башкы прокуратурадагы жолугушуу.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Улуу Британиянын компетенттүү органдары менен кызматташууну көздөп жатат.

4-сентябрда башкы прокурор Максат Асаналиев Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлагандай, алар коррупцияга каршы күрөшүү маселесинде пикир алмашышты.

Алар компетенттүү органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аркылуу мамлекеттер ортосунда келишимдик-укуктук базаны түзүүнү сүйлөшүштү. Бул документ келечекте жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишим түзүүгө мүмкүндүк берет.

"Бул албетте, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу туруштук берүүгө мүмкүндүк түзөт",- деп жазылган Башкы прокуратура тараткан кабарда.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги Х социалдык түйүнүнө "Эки тараптуу укуктук кызматташуу, жаңы документтердин даярдоо жана кол коюу, мындан тышкары пландаштырылган иш сапарлар талкууланды" деп жазды.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги 2011-жылдын аягында иштей баштаган. 2013-жылы формалдуу ачылышы болгон. Ага чейин Бишкекте Улуу Британиянын Өнүгүү департаментинин өкүлчүлүгү иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG